Нарын районуна караштуу Учкун айылындагы «Жаштар уюмунун» мүчөсү, айылдык кеңештин депутаты Рысбек Үсөнов айылдын өнүгүүсүнө көптөгөн салымын кошуп, активдүү тургундарынын бири.
Айыл тургуну Ырыскелди Болотбековдун айтымында Рысбек Усөнов айыл үчүн мыкты иштерди жасап, маанилүү чогулуштардан калбастыгын билдирип өттү.
Кененирээк билүү үчүн Рысбек Үсөнов менен өзүнөн маек курдук. Айтымында, айылда бир топ маселе бар экенидигин жана аларды чечүүнүн жолун издеп жаткандыгын айтып өттү.
-Буга чейин кандай иштерди жасадыңыз?
-Буга чейин Учкун айылында 2009-жылы «Жаштар уюму» болуп шайландык ошол жылдан 2014-жылга чейин жаштар уюмнун төрагасы болуп келдим. Жаштардын демилгеси менен бештен пресс чогултуп, мечитибизге боз үй, титан, күрөктөрдү алганбыз.
-Ишиңиздин максаты эмне?
-Ишибиздин максаты айылыбызды өнүктүрүү, айылыбыздын демилгесин көтөрүү болуп саналат.
-Кандай демөөрчүлөрүңүз бар?
-Демөөрчүлөр көп, Учкун айылына кичи футбол уюштурдук андан тышкары волейбол, көк бөрү оюндарын уюштурдук.
-Айылды өнүктүрүүгө максаттарыңыз кандай?
-Айылды өнүктүрүү максаттары көп негизинен маселелерди бардыгын акча чечет экенда. 2017-жылы жаштар уюму акча чогултуп дамба курдук. Мындан ары да айылга керектүү иштерди кылганга аркет кылам.
-Мындан башка кандай иштер менен алектенесиз?
-Мындан тышкары өзүмдүн ишим бар. Тянь-Шань ГЭСинде электромонтер кызматын кылам.
-Айылда кандай көйгөйлөр болуп жатат?
-Көбүнчө айылдын көйгөйүн 70-80% суу маселеси. Андан тышкары көпүрө таштанды маселелери бар. Буларды тез арада чечүү керек.
-Айыл көйгөйлөрүн чечтиңизби?
-2017-жылы жаштардын демилгеси менен Сары-Суу Суук капчыгайынан өткөн Арпага чыгып кетчү жолго көпүрө салган жатабыз.
-Мындан дагы кандай көйгөйлөрдүн үстүндө иштегени жатасыз?
-Айыл ичиндеги ички каналдардын ичине дагы көпүрө салган жатабыз, келечекте ошону пландап жатабыз, анан дагы жаштар үчүн жаш балдар аракка берилбеш үчүн машыгуучу зал куралы деген да пландар бар.
-Бул ишиңизге үй-бүлөңүздүн, туугандарыңыздын көз караштары кандай?
-Бул ишиме үй-бүлөмдүн туугандарымдын көз караштары жакшы мага көмөк көрсөтүшүп мени колдошуп турушат.
-Сизге айыл жаштар жардам берип турушабы?
-Ооба абдан жакшы жардам беришет.
Даярдагандар: Бекмырза Нурланов, Айтаалы Эркинбек уулу