Нарын районуна караштуу Учкун айылында башталгыч класстар окуган эски мектеп жакшы жылыбай, окуучулар кышкы кийим менен отурушат. Мектептин жылуулук системасын камсыз кылган көмүр 2017-жылдын 8-августунда 59 тонна келип түшкөн болсо, февраль, март айларына 14 тоннага жакын калган.
Мектептин чарба иштери боюнча башчысы Рысбек Таалайбекович көмүрдүн сапаты начар экенин белгилеп өттү:
«Тагыраак айта кетсек, 2017-жылдын 8-августтунда биздин көмүрканага 59 тонна көмүр келип түшкөн. Бул көмүрдөн ноябрь айы, декабрь айы, январь айы жагып эми февраль айын жагып отурабыз. Бул көмүрдүн сапатын айта кетсем, жылдагыдан аябай эле начар болуп калды. Мындан элеп дагы жагып жатабыз. Үч ай жаккандан кийин февраль менен март айына 15 тонна көмүр калды. Анан ошол көмүр жетеби же жетпейби маселе болуп жатат. Мен өзүм сентябрь айында жумушка киргем, менден мурунку ишкерлер өткөрүп алыш керек болчу. Аны болсо мен айта албайм. Эми мындай кийинкилерин жакшылап өткөрөбүз. Бизде үч адам от жагып иштейт. Өзүм эртең менен барып көзөмөлдөп турам. Атайын өзүнүн нормасы бар 320кг дан жагып турабыз. Эми азыр 13-14тонна калды»-дейт ал.
Токсобаев мектебинин 1-корпусунда чет тили мугалими Асыл Замирбек кызы класс ичинин муздак болушу сабак өткөнгө ыңгайсыздык алып келип жатканын айтты:
«Мен ал жакка эки саат сабак берем. Ал жакта окуучулар куртка кийип отурушат. Негизи 1-2-сааттарда муздак болот. Андан кийин сабактын орто жарымында жылый баштайт. Бирок, кайра эле муздап калат. Ошон үчүн балдарга курткаларын, топуларын кийгизип отургузуп сабак өтөбүз. Мунун себеби, көмүрдү сарамжалдап коюп, отту жакпай коюп жатышат же болбосо көмүр жок»-деп билдирди чет тили мугалими.
Быйылкы жылы мектептин жылыбай жаткандыгынын себептери балким, мектептин курулгандыгына көп жыл болуп, сапаты арып баратканы же жумушчулардын көңүл кош мамилелери болуп жатабы белгисиз.
Мектепти жылытуу, окуучулардын жакшы шартта окушуна мамлекет дагы, мектеп дагы көңүл буруулары керек дейт мектеп окуучусу:
«Биз жаңы мектепте окуйбуз, бирок менин үйдө инилерим өйдө жактагы мектепте окушат. Алар сабакта сырткы кийимдерин кийип отурарын айтып келет. Бул маселе балким жетекчилер көмүрдүн сапатына көнүл бурагандыгыдыр. Ошентсе да, биздин мектеп билими боюнча мыкты мектеп деп айта алам»,- дейт мектеп окуучусу.
Даярдагандар: Адинай Талантбек кызы, Айтаалы Эркинбек уулу