Учкун айылынын бутуруучусу Акай Орозкожо уулу бир жыл мурда кымыз бышыруучу бишкек ойлоп тапкан. Анын ачылышы учурда Акайга Кыргыз Техникалык Университетинин каалаган бөлүмүнө өтүүгө жолдомо алып келди.
Акай Орозкожо уулу өзүнүн бишкеги менен XXI кылымдын жаш интеллектуалдары республикалык кароо-сынагынан ийгиликтүү кайтты.
Акай кымыз бышырчу бишкектин үч жол менен иштөөсүн бизге көрсөтүп берди.
Акай республикалык мелдештен жеңүү женил болгон жок дейт.
«Менде кичине коркуу сезим пайда болду, бирок бизге буйруган экен, жеңишти багынттык»,-деп кубанычы менен бөлүштү Акай.
Кымыз бышырчу бишкектин ойлонуп табылышынын тарых-таржымалы туурасында сураганыбызда, Акай жайлоочулардын жана эң башкысы апасынын ишин кичине болсо да женилдетүү үчүн жасагандыгын айтты.
Бирок Акайдын бишкеги анын апасына жеңилдик эле эмес, ага жеңишти алып келип олтурат.
Акай келечекте өзүн-өзү камсыздоочу ГЭСтин долбоорун түзүп, аны Кыргызстандын өнүгүшү үчүн иштеп чыгам деп самайт.
Авторлору:Алмаз Эшбаев, Жапар Аскаров