Нарын районуна караштуу Учкун айылынын Э.Токсобаев мектебинин 11—классынын окуучусу Айдай Темирбекова Улуттук тил комиссиясы тарабынан уюштурулган, “Адеп адамдын көркү” аталышындагы конкурста республикадан дил баяны 16 эң мыкты дил баяндын катарына кирди. Жалпысынан бул сынакка 400дүн тегерегиндеги окуучу катышкан.
Республикалык таймашка 2017-жылдын декабрь айында барып эл сүйүнткөн кабарды алып келген. Бул туурасында Айдай Темирбекованын кубанычы менен тең бөлүштүк.
“Мен бул сынакка 2017-жылдын декабрь айында борбор шаарыбыз Бишкекке баргам. Бул сынакка Кыргызстан боюнча 400гө жакын окуучу катышты. Сынакты мен мектептен угуп, бүтүрүчүүлөр катышат экенин билип анан жазгам. Бизди чындап эле өзүбүз жазган экенибизди текшерүү максатында “Менин титул туткан адамым” деген темада эссе жаздырды. Мен мыкты дил баян жазган 16 окуучунун катарына кирдим. Бизге акчалай сыйлык тапшырды. Мага дил баянды жазууга өзүмдүн апам көмөктөштү. Себеби, апам адабият жагында эмгектенгенине байланыштуу биз кичинекей чагыбыздан тартып адабиятка жакын өстүк. Дил баянды жазууда эң башкысы ойлонуу жана турмушта өткөн окуялардын негизинде жаздым. Келечекте медик же болбосо филология тармагында эмгектенгим келет”-деди жеңүүчү Айдай Темирбекова.
Белгилей кетүүчү нерсе, бүтүрүүчү Айдай Темирбекова катышкан топ былтыркы жылы “Манас таануу” сынагынан баш байгени багынтып, Нарын облусунун атагын чыгарып келишкен.
Темирбек Мадылканов кызы Манас дүйнөсүнө баш баккандан бери жакшы нукка өзгөргөнүн белгилеп кетти. Бул тууралуу ал төмөндөгүлөрдү баяндады:
“Кызымдын жетишкендиги өзүнүн аракетинен, андан сырткары, апасы мектепте кандай жанылыктар болуп жатат, кандай окуш керек, жакшы-жакшы кеңештерин айтат. Ошону түшүнүп, аракет кылып, жетишкендиктерге жетишип жатат. Ошол жетишкендиктерине биз да сыймыктанабыз. Мына былтыр “Манас таанууга”барышты, андан жакшы жетишкендиктер менен келишти. Манас атамдын өзүнчө касиети бар окшойт, ошондон кийин китепти көп окуп калды, көп кызыгып сабакка жакшы аракет кылып калды. Үйдө үй оокаттары менен үйдөгү баягы кыз кишиге тиешелүү эмне жумуштар болбосун ошонун баарын жасайт. Андан сырткары мен жок болуп калган кездерде мал жайлап, мага да жардам берет. Көбүнчө ушул китеп окуганга кызыгып калды, мурда китепке көңүл бурчу эмес, азыр балдардын баары эле интернетке кирип, комьпютер менен алек болуп атышат. Кызым китепке жакшы кызыгат. Ар бир ата-эне сыймыктанат да баласынын жетишкен ийгиликтерине. Баарыбыз эле бала деп жашайт экенбиз. Чоң эмгек да ошого талыкпай окуду”-деп сөзүн аяктады Темирбек Мадылканов.
Ар бир ата-эне баласынын сыйлыгы, жетишкендиктери менен сыймыктанат эмеспи, анын сыңарындай бул ата-эне дагы кызынын ийгилигине кубанып, сүйүнүп жаткан убагы.
Даярдагандар: Гүлзар Казиева, Айтаалы Эркинбек уулу