Нарын районуна караштуу Учкун айылынын тургуну Анарбек Токтомбаев 20 жылга жакын убакыттан бери сүрөт жана чийүү сабактарынан берип келет. Анын тарткан сүрөттөрү бир жыл мурун 500 болсо, азыр саны 1000ге чукулдады. Токтомбаев тарткан сүрөттөрүн сатпастан, сурагандарга дайыма белек катары тартуу кылаарын айтат.
Сүрөткө болгон шыгы жаш кезинен жаралып, азыр да улантып келет. Анын бул өнөрү чоң атасынан калган.

Анарбек агай Чуйковский атындагы көркөм сүрөт окуу жайын бүткөн. Өзү эле эмес анын балдары да бул кесипке кызыгышат. Ал Учкун айылындагы Эшбай Токсобаев мектебиндеги жалгыз чийүү жана сүрөт сабагынан берген мугалим.

Нарын драма театрында төрт жыл сүрөтчү болуп эмгектенген. Андан кийин облустук байланыш бөлүмүндө сүрөтчү, кийин гана Учкун айылына мугалим болуп келген.
«Сүрөтчү болуу оюма да келген эмес, себеби жаш кезимде эле архитектор болом дечүмүн. Андан соң ал пландар өзгөрүп сүрөтчү болдум. Биринчи тарткан сүрөтүм ваза болчу, ал дагы эле эсимде. Мен бул кесипти тандаганыма эч өкүнбөйм», — деди агай.

«Сиз тарткан сүрөттөрүңүздү эмнеге сатпайсыз?» деген сурообузга төмөнкүчө жооп берди.
«Мен саткым келбейт, себеби ал өз эмгегим, өз колум менен жаралган нерселер. Мага өзүмдүн эле айлыгым жетет. Эгерде сүрөттү акчага тартып бер дегендер болсо, акчасын албай эле жөн гана белек катары тартуулап берем», — деп айтты Анарбек агай.

«Сүрөт тартып жаткан учурларда менде кандайдыр сезимдер пайда болуп, өзүнчө эле ойго батып, берилип кетем. Бул да өзүнчө касиет. Себеби сүрөт менин жан дүйнөмдү ээлеп алган. Бош убактымда жалаң сүрөт тартуу менен алекмин», — дейт агай.
Үй бүлөсү да анын бул өнөрүн жогору баалашат . Жубайынын айтымында, мындай талант бир жаралат.
Агай келечекте дагы көптөгөн шакирттерди тарбияласам деп ойлойт. Учурда да ал шакирттерин даярдап жаткан учуру. Анын таркан сүрөттөрү мектептерде, кошуналарында көп. Азыр 5 окуучусу бар.
Даярдаган: Ишен кызы Гүлкайыр
Редактору: Асанкул кызы Жанара
Сынак үчүн