Улахол айыл өкмөтүнө караштуу Оттук айылындагы жамааттар “Бакчачылык” аттуу проектини утуп, ал иш менен толук кандуу эмгектене башташты.
Немец өкүлчүлүгүнүн көнүлүнө төп келген проекти жазып, ийгиликке жетишкен.
Балыкчыдагы элди окутуу борборунун адиси Исабеков Бейшебек: Бул семинарга айыл өкмөтү жана донорлор келип катышып жатышат. Негизги максат: айыл жергесиндеги бакчачылыкты эффективдүү колдонуу жана түшүмдүүлүктү көбөйтүү маселеси. Окуу тренингти 4 модулга бөлгөнбүз:
Курска 23 кыз-келин катышып билим алды. Бул ишти каржылаган немец өкүлчүлүгү болду, ишке ашырган Балыкчыдагы элди окутуу борбору болду, жыйынтыгы абдан жакшы болуп жатат. Дагы башка айылдарга жайылтсак деген үмүттөр чоң.

SAMSUNG CAMERA PICTURES
Эл үчүн эң керектүү иш экенин Оттук айыл башчысы Сатыбаев Соно айтып берет.
Биздин айылда жакшы саамалык өтүп жатат.
Бул долбоор бизге 2015-жылы жашылдандыруу, өсүмдүк өстүрүү боюнча келген. Иш-чара биз үчүн жакшы болуп жатат. Уламдан-улам кызыккандардын дагы саны көбөйүүдө. Элибиздин тиричилигин алдыга тартууда. Элдин атынан ушул жамааттарга ыраазычылык билдирем.

SAMSUNG CAMERA PICTURES
Бакчачылык курсуна катышкан Абылкасымова Гулнура курс боюнча өз оюн билдирет:
Курска катышып биз көп тажрыйба топтодук. Семинарлар, тренингдер болду ал болуп өткөн иш-чараларда бизге өтө пайдалуу маалыматтар менен тааныштырды.
Өзубүздүн бакчага кандай камкөрүп, түшүмдү мол жыйноону окуп үйрөндүк. Биз учун бул нерселер чоң жардам.

SAMSUNG CAMERA PICTURES
Даярдаган: ГүлбарчынТилеков.