Улахол айыл аймагында айылды инвестициялоонун АРИСтин үчүнчү долбоору ишке кириши боюнча жыйналыш өткөрүлдү.
АРИСтин эксперти Шакенов Нурлан айылды инвестициялоонун үчүнчү долбоору жөнүндө маалымат берди.
,,Долбоордун негизги максаты айыл жергесиндеги социалдык инфраструктуралык обьектилерди калыбына келтирүү. Буга чейин эки долбоордун алкагында жардамдар берилген. Бирок бул долбоор аларга салыштырмалуу чонураак долбоор. Анткени каралган акча каражаты чон суммада. Буюрса айыл жерлерин бала бакчалар, ФАПтар жана башка курулуш обьектилери менен камсыздоону максат кылып жатабыз», деди Шакенов Нурлан.
Долбоордун мониторинг жана баалоо тобунун төрайымы Салиман Саякбаева:,,Буга чейинки долбоорлордо мониторинг жүргүзүүдө кыйынчылыктар деле болгон жок. Отчётторду өз убагы менен берип, убагы менен анализдеп жаттык,-деди.
Жыйналышка катышкан айыл тургуну Усубалиева Бактыгүл:,,Бүгүнкү жыйналыш жакшы денгээлде өттү, элдер беш айылдан келип катышышты. Спорт зал, бала бакча сыяктанган көйгөйлөргө долбоор абдан керек экендигин элдер түшүнүштү, эмки жыйналыштарга да активдүү катышып турабыз,,-деп өз оюн айтты.
Жыйналыштын жыйынтыгында айылды инвестициялоонун долбоорунун айыл жергесинде жакырчылыктын денгээлин азайтуу, ошондой эле социалдык инфраструктурага жеткиликтүүлүк алууну жакшыртуу болуп саналаары элдерге маалым болду.
Даярдагандар: Кенжебек Жунушов, Эркайым Эрикова, Бейшеев Медербек.