2013-жылы Улахол айыл аймагынын атынан Өнүктүрүү саясат институту жарыялаган жергиликтүү демилге кичи сынагына катышып, 1млн сомдук грант утуп алган. Грантка жергиликтүү бюджеттен 430000 сом накталай акча кошулуп тендер аркылуу МТЗ-82 маркасынын базасындагы трактор сатылып алынды. Аталган трактор айылдагы иретсиз пайда болгон таштандыларды чыгарууга ылайыкталган. Белгилей кетсек, ушул убакка чейин айылдагы таштандыларды тазалоо иштери колго алынган эмес.
Даярдагандар: Кыдыкова Айзана, Саякбаева Салима, Бейшеев Медербек, Урманбетов Акыйкат