Кошбулакта Улуу Жеңиш майрамын утурлап салттагыдай Кыргыз Республикасынын Эл мугалими, маркум мугалим Мүйдүн Абдумомунов агайдын жаркын элесине шахмат боюнча 5- чемпионат өткөрүлүп жатат. Бул мелдешке Сүлүктү шаары, Кошбулак аймагы боюнча профессионал шахматчылардан тандалган 12 оюнчу катышып күч сынашып жатат. Шахматчылардын арасында спорттун чеберлери, чеберликке кандидаттар бар.
Бул иш чара быйыл 5- жыл Кошбулак аймактык поселкалык башкармалыгынын башчысы Б. Э. Сапаркуловдун демилгеси менен агайдын кенже уулу Муса Мүйдүнович Абдумомуновдун демөөрчүлүгүндө Кошбулактагы Аксакалдар Үйүндө өткөрүлүп жатат. Оюн жыйынтыгы 8-май күнү чыгарылат. Жеңүүчүлө, демөөрчүлөр жөнүндө кенен макала беребиз.
Кабарчы: Анварбек Тухтаров