Кант шаарынын №2 К.Рыскулова атындагы мектеп-гимназиясынын окуучулары Манас күнүнө карата райондук иш-чарага активдүү катышышты.
«Жаш манасчылар» ийриминин жетекчиси Ширин Сарыгулова өзүнүн өнөрүн жаш муундарга үйрөтүп, келечекте таланттуу манасчылардын өркүнүн өстүрүп келет.
Ширин Сарыгулова Кыргызстандагы белгилүү манасчы, ырчы, комузда эркин ойнойт. «Сармерден» берүүсүнүн катышуучусу Ширин өзгөчө чечендиги, сөзмөрдүгү менен кыргыз элине дастанчы катары да таанымал.
Венера Шонкоева