Талас шаарында көптөгөн мектеп формасын сатуучу жайлар бар жана алардын кайсы бири жакшы деген ойлор Талас шаарынын тургундарына келет. Форма сатып иштеген Калбү Алмырекованын айтымында:

“Жылда кызыл форманы талап кылышкандай эле. Мектеп мүдүрлөрүнөн сурасак, жылдагыдай эле кызыл жана боз форма деп айтышты. Азыркы учурда Талас шаарында 34 мектеп боз форманы талап кылып жатышыптыр”,-деп айтты Калбү Алмырекова.

Талас шаарынын тургундары дагы мектеп формасы боюнча өз ойлорун калтырышты. Талас шаарынын тургуну Анархан Сатиева өз оюн айтты:

“Мектеп талап кылган форманы алып берем. Мектеп формалары 1500 сомдон 2000 сомго чейин экен”,-деп билдирди Анархан Сатиева.
Даярдаган: Гулназ Мамырбекова