Акыркы жылдары кыргыз айымдары жаа атып, ар түрдүү мелдештерге катышууда. Дал ушундай өнөрдү өздөштүргөн Аяна Алигапар кызы жерде гана жаа атпастан, ат үстүндө кетип бара жатып жааны таамай ата билгендиги менен айырмаланат. Ал Кыргызстанда жана чет өлкөдө болгон иш-чараларга активдүү катышуу менен атадан калган мураска кызыгууну арттырып келет. Кыргыз жыттанган кыздын кызыктуу маегинен патриотуулук сезим ойгонбой койбойт.
Даярдаган: Касиет Кубанычбек кызы