2016-жылдын жай айларында Кыргызстандын бардык облустарынын тоолуу аймактарында жалпы 110,анын ичинен Ак-Талаа районунда 13 жайлоо өнүгүү борборлорун ачуу пландалууда. Бул борборлордо тоолуу аймакта жашаган атуулдардын балдары жай айларында күнүгө үч сааттан окуп, ар тараптан өнүгүүгө мүмкүндүк алат жана атайын тарбиячылар, педагогдор бекитилген.

“Роза Отунбаеванын демилгеси” Эл аралык коомдук фондусунун өкүлү Ч.Абдыраимакунова: “Көк шиберден орун алган өнүктүрүү борборлорунда 3 жаштан 12 жашка чейинки балдар келишип, билгичтиктерин жана көндүмдөрүн өрчүтүшөт. Ар кыл курактагы балдарга арналган атайын пронрамма иштелип чыккан. Бул борборлорго педагогдордон тышкары, сүрөтчүлөр, шахматисттер, окумуштуулар, искусство чеберлери, чет өлкөлүк өнөктөштөр келип, мезгил-мезгили менен окууларды өтүп, балдарга өнөр үйрөтүшөт” дейт. Ал эми тоодогу ата-энелер жана өнөктөш тараптардын өкүлдөрүнө да балдарды туура тарбиялоо, психология, үй-бүлөлүк тарбиядагы ата-эненин орду сыяктуу окуулар болот.
Эскерте кетсек: Былтыр Ак-Талаа районунун аймагында 6 жайлоо бала бакчасы аталган эл аралык коомдук фонду тарабынан ачылып, жай бою иш алып барган.