Кыргызстандын тоолуу аймактарында жайлоого көчкөн малчылардын үй-бүлөлөрү жайкысын алыскы жерлерде жашап, балдары мектептен жана билим берүү ресурстарынан алыстап калат. Мына ушундай шартта балдардын билимин үзгүлтүккө учуратпоо жана өнүктүрүү максатында “Роза Отунбаеванын демилгеси” фонду ишке ашырып келе жаткан “Жайлоо өнүктүрүү борборлору” өзгөчө мааниге ээ.

Бул борборлор билимге жетүүнү камсыздап, балдардын чыгармачылыгын жана турмуштук көндүмдөрүн өнүктүрүүдө чоң роль ойноодо.
Тоо арасында жайгашкан бул жайлоолордо бала бакча, оюн аянтчалары, китепканалар, интернет, компьютерлер, электр жарыгы, кээде таза суу да жетишсиз. Бул шарттарда билим алуу чоң көйгөйгө айланат. Мектепке чейинки билим берүүгө арналган расмий мекемелер көп аймактарда жеткиликтүү эмес. Ошондуктан балдардын окуу көндүмдөрү артта калып, билим алуудагы теңсиздик күчөйт.
“Жайлоо өнүктүрүү борборлору” долбоору алгач “Жайлоо бала бакчалары” деген ат менен башталган. Анын башкы максаты тоолуу, алыскы аймактардагы балдарды билим менен камсыз кылуу, алардын мектепке чейинки жана баштапкы билимин бекемдөө, турмуштук көндүмдөрдү өнүктүрүү. Бул долбоор “Роза Отунбаеванын демилгеси” фонду тарабынан ишке ашырылган.
Ар жыл сайын бул борборлордо 3000ден ашуун бала билим алат. Балдарга ылайыкташкан программалар аркылуу сабаттуулук, математика, логикалык ой жүгүртүү сыяктуу негизги багыттар үйрөтүлөт. Ошондой эле алардын чыгармачылык жана социалдык көндүмдөрүн өнүктүрүүгө өзгөчө көңүл бурулат.

Бүгүнкү күндө өлкөнүн ар кайсы аймактарында 82 жайлоо бала бакчасы иштеп жатат. Алардын көпчүлүгү 1 айлык мөөнөткө гана ачылса, кээ бирлеринде борборлор толук 3 айга чейин үзгүлтүксүз иштешет. Окутуу, оюн жана иш-чаралар түшкө чейин гана уюштурулганы менен, көптөгөн балдар борбордон кеткиси келбей, түштөн кийин да калып ойношот. Бул балдардын борбордогу чөйрөгө кандайча кызыгып тартылгандыгынын ачык далили.
Ар бир борбордо окуу менен катар эссе жазуу, сүрөт тартуу, чыгармачылык сынактар өткөрүлүп турат. Мындай иш-чаралар балдардын ой жүгүртүүсүн өнүктүрүп, өз оюн эркин билдирүүгө, кыялын кагазга түшүрүүгө, чыгармачылык менен иштөөгө шыктандырат. Алар чыгармачылык, өз алдынчалык, ой жүгүртүү жана топ менен иштөө жөндөмдөрүн да бекемдеп жатышат.
Жайлоо борборлорунда билим берүү ишин бала бакча тарбиячылары, ыктыярчылар, жергиликтүү коомдун өкүлдөрү жана ата-энелер колдоп келишет. Ар жылы 150дөн ашык адис жана ыктыярчы бул борборлордо балдар менен иштешет.
Мындан тышкары FINCA, Кампоньон банк жана башка уюмдар тарабынан китеп, оюнчуктар, кеңсе товарлары жана башка керектүү материалдар менен камсыздоо жүрүп келет.
Жайлоо өнүктүрүү борборлору бул айылдык жана алыскы тоолуу аймактардагы балдар үчүн билим алууга жеткиликтүүлүктү камсыздоого багытталган, географиялык жана социалдык тоскоолдуктарды жоюуну максат кылган демилге.
Айпери Марлесова