Сокулук районуна караштуу Жал айылынын Рүстөмбек Мамыралиев мектебине эки интерактивдүү доска орнотулду. 25-майда он жылдык жолугушууга келген бүтүрүүчүлөр мектепке бир проектор белек кылып тартуулашкан.

Интерактивдүү доскага болжолу менен 109миң сом акча каражат бөлүнүп берилди. Эки интерактивдүү доска берилди бирөсү кыргыз тили кабинетке коюлду экинчиси орусстил кабинетине орнотулду.

Максатты окуучуларга кошумча маалыматтарды камсыздоо, мугалимдерге да ыңгайлуу сабак өткөнүнө жардам берет.
Султаналиева Динара мектеп директору –
“ Интерактивдүү доска мектепке алынгандыгына абдан кубанычтамын. Азыр заманбап технология менен камсыз болуп жаткан учур. Мектепте 11 класс гимназия, ата-эненин каржылоосу менен бир жумада эки саат окушат. Компьютердик технология менен камсыз кылуу статьясынан 109 миң акча бөлүнгөн. Тендер аркылуу эки интерактивдүү доска, бир проектор орнотулду. Жеткизүү орнотуу ушул акчанын ичинде. Бир интерактивдик доска, проектор кыргыз тили Усулдук Бирикмесинин мугалими Абейльдиева Чынара Асановна кабинетине экинчиси орус тили мугалими Оморова Асел Токтобековнанын кабинетине орнотулду. Бул мугалимдер жаңы окуу жылында дагы жигердүү эмгектенип окуучулардын билим сапатын жогорулатат деп ойлойм”-деди.
Макыева Мая мектептин бухгалтери-
“ Интерактивдүү досканы орнотуш үчүн болжолу менен 109миң сом кетти. Мектепте гимназия класстар үчүн смета түзүлөт. Ошол акчадан мугалимдер айлык алышат. Айлыктан тышкаары бүт налогтордун баары төлөнөт, арткан ачкага проче деген сметага коюлат. Ошол проче сметага ушул интерактивдүү доска алдык”- деп өз оюн толуктап кетти.
Чынара Асановна кыргыз тили жана адабият сабагынын бирикмесинин мугалими-

“ Буга чейин кыргыз тили жана адабият сабагынын бирикмесинин жетекчиси болуп келгем. Андан буюрса ар бир кафедрага интерактивдү доска коюп берсек деп мектеп жетекчибиз максат коюп жүргөн. Менин иштеген ишимдин жыйынтыгынан менин кабинетиме быйыл буйруп интерактивдү доска коюлуп калды. Менден тышкары орус-тил кафедрасынын мугалими Асел Токтобековнанын кабинетине да коюлду. Эже экөөбүздүн мугалимдик кесипте балдарга берген билимибиз, чыгармачылык ишибизди, ийгиликтерибизди, семинарларда өткөн сабактарыбызды, менин даярдаган окуучумдун райондук, областык, республикалык олимпиядада байгелүү орундарды ээлегендигине байланыштуу досканы менин кабинетиме коюлду деп ойлойм”-деп оюн билдирди.
Даярдаган: Асел Эркинбек кызы.
Редактору: Азамат Кубанычбек уулу.