30-май күнү жамааттык ММКлар Ассоциациянын мүчөлөрү Internews Kyrgyzstanдын грант-менеджери Валентина Галич менен жолугушуусу өттү.
Жолугушуунун жүрүшүндө ал Ассоциациянын мүчөлөрүн Кыргызстан, Тажикистан жана Казахстандын медиаларынын арасында контент алмашуу боюнча Internewsтун программасы менен тааныштырды. Контент алмашуу боюнча Google-Driveдын ишинин инструкциясы жана интернеттен алган репортаждарга болгон негизги талаптар сунушталды.
Жамааттык ММКнын Ассоциациясы кызыгуусун билдирип, контент алмашуу программасына кошулду. Азыркы мезгилде бул уюм Google-Driveка кирүү мүмкүнчүлүгүнө ээ болуп, ал жакка радио репортаждарын киргизе баштады. Андыктан Ассоциациясынын мүчөлөрүнүн радио-подкасты борбордук Азиядагы үч мамлекеттин медиа алмашуусуна жол ачты. Ассоциациянын мүчөлөрү Кыргызстандын 7 областынын 20 айылынан турат. Алар өздөрүнүн радиосюжеттеринде жана программаларында билимге болгон мүмкүнчулүк, сууга жетишүү, мамлекеттик жана муниципиалдык тейлөө, кичи жана чоң бизнести өнүктүрүү, аялдардын жана жаштардын көйгөйлөрүн чечүү сыяктуу социалдык маселелерди көтөрүү жана элге жеткирүүнү ишке ашырышат. Андан тышкары алар Кыргызстан, Тажикистан жана Казахстандын ТВ- компанияларынын сюжеттерин өздөрүнүн айылдарында көрсөтүү мүмкүнчүлүккө ээ.
Жамааттык радио жана мультимедиа борборлорунун базасында видеопроектор жана ноутбукту колдонуусу менен, айылдыктарга ТВ- сюжеттерди жана берүүлөрдү ачык көрсөтүү уюштурулат. Ошол себептүү айлдыктар кошуна мамлекеттердеги жашоону көрө алышат, ал жакта кандай көйгөйлөр жана ийгиликтер бар экендигин, маданиятын, салттарын билишет. Ар бир көрүүдөн кийин талкуулар пландалган.
Ошондой эле грант-менеджер Валентина Галич ассоциациянын мүчөлөрүн Кыргызстан, Тажикистан жана Казахстандын ММК кичи гранттар конкурсу менен тааныштырды. Конкурска катышуунун негизги шарттары, грантка сунуштоонун форматы жана бюджети жөнүндө маалымдады. Документтерди толтуруу, конкурска катышуу жолдору сунушталды.
Аягында Валентина Галич Internews Kyrgyzstan жана Жаңы Репортер сайттарын көрсөттү жана маалыматтык мүмкүнчүлүктөр жөнүндө айтып берди. Алар: потенциалды көтөрүү, ар кандай конкурстарды жарнамалоо, ИКТ жана мобилдик маселелер аймагында жаңы жаңылыктар, вебинарга катышуу мүмкүнчүлүгү жана креативдик контентти түзүүдөгү мүмкүнчүлүктөр жөнүндө маалымат.
Даярдаган: Валентина Галич