8-декабрда Кыргыз Республикасынын Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министри Алтынбек Максутов өлкөдөгү бир катар теле жана радио кызматкерлерин “Телекөрсөтүү жана радиоуктуруу кызматкерлеринин күнү” кесиптик майрамы менен куттуктады.
Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлиги тарабынан ыраазычылык кат менен Жамааттык ЖМКлар Бирлигинин мүчөлөрү: ”Чолпон”, “Ооган-Талаа”, “Тогуз-Торо” жана “Шапак” жамааттык медиа борборлору сыйланышты.
Ошондой эле Жамааттык ЖМКлар Бирлигинин аткаруучу директору Назира Жусупова ыраазычылык кат менен сыйланды.