Мечиттин баардык кеткен чыгымдарын айыл тургуну Оразбаев Эшен каржылады. Ошол себептен жергиликтүү тургундар Эшен мырзага ыраазычылыктарын билдиришүүдө. Мечиттин курулушу 1 жылга созулуп, жамаатын ашар иши менен бүткөрүлдү. Бул мечитте бардык шарттар бар жана ичи жылуу.
Мечиттин ачылышы өткөрүлүп, Билал Разиалооху Анхудандын атына коюлду. Себеби Орозбаев Ешендин баласынын аты Билал, ошондуктан мечиттин аты Алла-Тааланын ыраазычылыгы үчүн Билал коюлду.
Мечиттин ичи 200 адамга ылайыкталган. Керектүү килемдер, паластар алынып келинип салынган. Жергиликтүү айылдын молдо имамдары жана намазга жыгылгандар мечитке келип намаз окуп кетишүүдө. Азыркы убакта жамаатка жаш балдар да кошулуп намаз окуп, сабак алып жатат. Мындан кийин келип жаткан балдардан мыкты имамдар, карылар чыгат деген үмүтөбүз, дейт Эшен таксыр.
Даярдаган: Ганиев Амантур