Учурдагы өзгөчө кырдаалга байланыштуу Ак-Талаа районунда социалдык жактан жардамга муктаж. 200 үй-бүлөгө 7 түрдүү жер-жемиштердин уруктары бекер таратылды.
Ак-Талаа райондук мамлекеттик админстрациясынын адиси Бакыт Итигуловдун айтымында бул иш-аракет «ФАООН» долбооруна ылайык «Ак-Талаа районунун климаттын өзгөртүүсүнө ыңгайлашуу» иш-чарасынын алкагында ADI «Өнүктүрүү демилгелеринин агенттиги» коомдук фонду тарабынан жасалды.
Аталган уюм учурдагы кырдаалга байланыштуу дыйканчылыкты колдоо максатында райондогу 8 айылдын ар биринен 25тен үй-бүлөгө капуста, бадыраң, болгар калемпири жана сабиз жашылчаларынын үчтөн түрү акысыз берилди.
Барчын Мамытбекова