23- майда Бакай-Ата айыл аймагынын тургундары жергиликтүү кеңештин депутаттарынын катышуусунда түз эфирди угушту.
Эфирдин коноктору Бакай- Ата районунун ардагерлер кеңешинин төрөгасынын орун басары Мурат Кушубакович жана Бакай- Ата айылынын жергиликтүү кеңешинин төрагасы Нышан Токторалиевич болду.
Өзүбүздү өнүккөн коомдун мүчөсү деп эсептөө үчүн биз күнүмдүк керектөөлөрүбүздү канааттандыруудан тышкары, жарандык түз позицияга турушубуз керек. Активдүү жарандык позиция дегенде белгилүү бир милдеттердин аткарылышын, анын ичинде өзүбүз жашап жаткан аймакты – үйдү, көчөнү, айылды, шаарды башкарууга катышуу милдетибизди түшүнөбүз. Ал эми башкарууга үйрөнүү үчүн жергиликтүү өз алдынча башкаруу системасы жөнүндө билүү зарыл.
Эфирдин жүрүшүндө угармандар тарабынан даярдалган аудио суроолор берилди жана социалдык баракчаларга түз эфир көрсөтүлдү.
Эскерте кетсек, бул уктуруу «Демократия сааты» долбоорунун алкагында даярдалды жана Кыргызстандагы Фридриx Эберт Фонду тарабынан каржыланууда.
Даярдаган: Айжамал Кубанычбекова