Ак-Талаа районунун Баетов айыл аймагында электр энергиясын үзгүлтүксүз жана сапаттуу камсыз кылуу максатында жогорку чыңалуудагы аба чубалгыларын жаңыртуу иштери жүргүзүлүүдө.

Нарын облустук «Нарын» электр ишканасынын жогорку чыңалуудагы тармактар кызматынын башчысынын орун басары Мирлан Стамбаевдин маалыматына караганда, учурда «Баетов–Үгүт» багытындагы жогорку чыңалуудагы аба чубалгысынын 3 чакырым аралыгында АС-50 үлгүсүндөгү зымдар АС-95 үлгүсүндөгү жаңы зымдарга алмаштырылууда. Ошондой эле 211 даана изолятор (зым чынысы) жаңыртылууда.


Жалпысынан аталган багыттагы 7 чакырым аба чубалгысын жаңыртуу пландалган. Үч фазалуу линия болгондуктан, жалпы тартылуучу зымдын узундугу 21 чакырымды түзөт. Анын ичинен 9 миң метр аба чубалгысы жаңыртылып, учурда жумуштар аяктоо алдында турат.

Ишти Нарын электр тармактар ишканасынын 15 кызматкерден турган адистештирилген бригадасы аткарууда. Учурда иштерди толук бүткөрүүгө болжол менен дагы эки күндүк жумуш калган.
Даярдаган: Барчын Мамытбекова