Сокулук районунун Орок орто мектебинде жогорку зонадагы мектептердин окуучулар арасында 3-март 2023-жылы балдар жана кыздар командаларынын волейбол боюнча мелдеши болуп өттү. Мелдешке жалпысынан 8 мектептин окуучулары катышып, Рустамбек Мамыралиев атындагы мектеп-гимназиясынын кыздар командасы жеңишке жетти.
Волейбол оюнунун ачылышы
Өмүрбек уулу Азамат-оюндун башкы калысы
«Бүгүн Орок орто мектебинде жогорку зонанын мектептеринин окуучулары арасында волейбол оюну боюнча спорттук мелдеш өттү. Оюнга балдар жана кыздар командасы катышышты. Жалпысынан 8 мектептин командасы кызуу оюн көрсөтүштү. Жыйынтыгында балдар арасында 1-орун Ихлас эл аралык орто мектеби, 2-орун Орок орто мектеби, 3-орун Рустамбек Мамыралиев атындагы мектеп-гимназиясы. Ал эми кыздар арасында 1-орунду Рустамбек Мамыралиев атындагы мектеп-гимназиясы, 2-орунду Саадаш Абдылдаева атындагы орто мектеби, 3-орунду Дайыр Дооронбеков атындагы орто мектеби алды»,-деп айтты.
Рустамбек Мамыралиев атындагы мектеп-гимназиясынын кыздар командасы
Айдай Бакытова — волейбол боюнча ийримдин жетекчиси
«Рустамбек Мамыралиев атындагы мектеп-гимназичсынын балдар жана кыздар командасы волейбол оюнуна активдүү катышып, алдыңкы орунга кыздар, 3-орунга балдар ээ болду. Оюн абдан кызыктуу болду. эки жылдан бери волейбол боюнча ийримди жетектеп, окуучуларга машыгууларды өткөрүп келем. Бүгүн абдан кубанычтамын. Биздин кыздар командасы жеңишке жеткенине. Балдар командасына кийинки жылга ийгиликтерди каалайм. Медетбеков Рамазан, Борубаева Азиза- » Эң мыкты оюнчу жана Мурабдуллаев Абдулазиз- «Эң мыкты байланыштыргыч» номинацияларын алышты»,-деди.
Кыздар командасы машыктыруучусу менен
Келечектин жаштары ар дайым ден соолугуна кам көрүп, спорт менен машыгышсын. » Спорт-ден соолуктун булагы»
Динара Султаналиева, Берметкан Исабекова