Нарын районуна караштуу Куланак айылындагы А.Аралбаев атындагы жалпы билим берүү мектебинин физика мугалими Майрам Аалыбаева «Жылдын мыкты мугалими – 2026» республикалык кароо-сынагынын облустук этабында ийгиликтүү катышып, республикалык турга жолдомо алды.
Майрам Аалыбаева аталган мектепте 2019–2020-окуу жылынан бери эмгектенип келет. Ал быйылкы окуу жылында өткөрүлгөн салттуу сынактын бардык баскычтарынан өтүп, өзүнүн кесиптик чеберчилигин көрсөтө алды.

Сынактын жобосуна ылайык, катышуучулар алгач документтерин онлайн форматта тапшырып, тандоодон өткөндөн кийин райондук жана облустук этаптарга катышышат. Кийинки баскычтар офлайн форматта өткөрүлүп, мугалимдер ар түрдүү тапшырмаларды аткарышат.
Майрам Аалыбаеванын айтымында, сынактын эң кызыктуу жана жоопкерчиликтүү бөлүгү мурда тааныбаган мектептерге барып, жаңы окуучуларга сабак өтүү болду.

«Сынакка катышуу көптөн берки максаттарымдын бири эле. Ар бир этаптын тапшырмаларын так аткарууга аракет кылдым. Эң кызыктуу жана ошол эле учурда татаал тапшырма — өзүм тааныбаган мектепке барып сабак өтүү болду. Башында толкундануу болгон менен окуучулар менен иштей баштаганда өз мектебимдегидей эле эркин сездим. Эки башка мектепте сабак өтүп, чоң тажрыйба топтодум. Бул сынак мага чыныгы мугалим болуунун негизги сыры окуучу менен тил табыша билүү экенин дагы бир жолу далилдеди. Иштеген мектебиме, кесиптештериме жана үй-бүлөмө колдоосу үчүн ыраазычылык билдирем», — деди ал.



https://youtube.com/shorts/q3Mp8qHqa8s?feature=share
Мугалимдин жетишкендиги мектеп жамааты үчүн чоң сыймык болуп, жаш педагогдорго дем берүүчү үлгү катары бааланууда.
Даярдаган: Айзат Түмөнбаева