Аялдардын көбү зордук-зомбулукка кабылышканын жашырып келишет. Зомбулукка кабылгандардын басымдуу бөлүгү жаш келиндер. Алар зордук-зомбулукка кабылганын эч кимге айтпастан ичине сактап жүрө беришет же төркүнүнө кетип калышат.
Үйдө болобу, коомдук жайда болобу зордук-зомбулук жасалган учурда аны жашыруунун кажети жок. Анын алдын алуу үчүн айылдагы социалдык кызматкерлерге, аял депутаттарга кайрылып же болбосо ишеним кутучуна кат таштаса болот. Бул анонимдүү болуп, сиздин келечегиңизге коопсуз экенине кепилдик берет.
Бурул Майрамбек кызы