Кыргызстан боюнча башталгыч кесиптик билим берүү системасынын 80 жылдыгы белгиленип, бир айлык иш — чаралар жарыяланган, №15 кесиптик лицейинде дагы жарлыктын алкагында ачык сабак өткөрүлдү. Ачык сабакка 2 — курстун автомобилдерди оңдоочу кесибинин окучулары катышты.
Улан Ташматов:
“Кыргызстан боюнча биздин башталгыч кесиптик билим берүү системасынын 80 жылдыгы өткөрүлүп жатат. Жалпы 100дөн ашык лицей бар, ошол лицейлер арасында атайын билим берүүнүн 80 жылдыгына карата 1 айлык жарлык жарыяланган. Жарлыкка ылайык атайын маданий иш-чаралар, спорттук иш-чаралар, ачык сабактар жана башка иш-чаралар өткөрүлүп жатат. Биздин №15 кесиптик лицейде дагы “Машиналарды оңдоо, техникалык тейлөө” сабагы боюнча ачык сабак өтүлдү. Алгач балдар теориялык жактан таанышышып андан соң практика жүзүндө иштешти. Бул сабакта рефрактометр деген прибор бар, анын жардамы менен автомобилдерге куюлуучу суюктуктарды текшерип, изилдеп анализ чыгарышат.”
Ачык сабак өз максатына жетип, мугалим устаттар өз ой — пикирлерин, сунуштарын беришти.