2022-жылдын 10-12-августунда, Кочкор районундагы Ж.Тойгомбаев атындагы №15 кесиптик лицейинде, 3 күндүк күнөсканада өсүмдүк өстүрүү боюнча тренинг болуп өттү. Тренингге Кыргызстандын 7 облусундагы лицейлердин мугалим, мугалим устаттары келип катышышты.
Роза Иманакунова:
“Кочкор районундагы Ж. Тойгомбаев атындагы №15 кесиптик лицейде 3 күндүк тренинг болду. Тренингге 7 лицейдин мугалим мастерлери катышып күнөсканада жашылча өстүрүү боюнча квалификациясын жогорулатышты. Тренингдин максаты: жумушсуз жарандарды ишке орноштурууга көмөктөшүү, мастерлердин квалификациясын жогорулатуу жолу менен жеке сектордук керектөөлөрүн камсыздандыруу үчүн жогорку квалификациялуу жумушчуларды даярдоо. Ошондой эле пилоттук кесиптик лицейлердин мугалимдери энергия жана ресурс үнөмдөөчү технологияларды колдонуу менен күнөсканаларда жашылчаларды өстүрүү темасын интеграциялодо.
Тренинг теория менен практика айкалыштырылып, өтө кызыктуу өткөрүлдү. Тренингде 13 катышуучу болду. РНМЦдан Курманалиева Койсун Аблабековна катышты. Ошондой эле тажрыйба алмашуу дагы болду.
Тренингди тренер-консультант Жусубалиев Абдыталып алып барды. Практикалык иштерди окуу жайдын күнөсканасында өткөрүлүп, жаңы инновациялык ыкмалар менен таанышышты.
Тренингде темалар агрономиялык проблемалар жана муктаждыктар, региондогу күнөсканасындын абалы, жабык аянтта жашылча өстүрүү боюнча технологиялык карта түзүү, илдеттер жана зыянкечтер менен күрөшүү, окутуу, үйрөтүү методдору боюнча өткөрүлдү. Тренинг өз максатына жетти. Ар бир мугалим, мастер алдыга пландарды коюп, ишке ашырууну көздөшүүдө”.
Тренингдин соңунда 7 облустан келген катышуучулар, аймактарда өсүмдүк өстүрүү боюнча тажрыйба алмашышты. Тренинг өз максатына жетип, катышуучулар алдыга көптөгөн максаттарды коюшту.
Төлөн Токтосунова