Нарын облусуна караштуу, Кочкор районунун, Чолпон айылындагы «Чолпон» жамааттык мультимедиа борборунун коoрдинатору Гулира Сатарова жана волонтёр Кусейин Марат уулу 15-16-августта медиа мүчөлөрүнө видео тартуу жана үн жаздыруу боюнча сабак өтүштү.
Сабактын негизги максаты: медиа сабаттуулукту арттыруу жана сапаттуу видео тартууга үйрөтүү. Сабакта кызыктуу практикалар камтылды. «Видео тартуу үчүн профессионалдуу камеранын колдо болушунун кажети жок. Смартфонго деле жакшы тасмаларды тарса болот. Эң башкысы – фантазияны эркин коюу жана сценарийдин болушу»,- экени айтылды.
Чолпон жамааттык мультимедиа борборунун волонтеру Кусейин Марат уулу:
«Мен медиа мүчөлөрүнө видео тартуу жана үн жаздыруу боюнча сабак берип жатам. Берип жаткан билимди Кемин районундагы Шабдан айылында «Болочок» медиалагерине катышып үйрөнүп келгем. Ал жактан дикция боюнча Айнура Кабатай кызы жана видео тартуу боюнча Марс Тулегенов сабак берди. Үйрөнүп келген билимимди башкаларга берүүгө аракет кылып жатам».
Чолпон жамааттык мультимедиа борборунун волонтеру Аяна Аскарова:
«Чолпон айылында 15-16-август күнү окуу болуп өттү. Ал жактан биз видео тартканда пландап, сценарий түзүү керектигин үйрөндүк. План түзүүдө эмнени тартам деген суроого жооп берүү керек. Даярдай турган видеону пландоодо заметкага же кагазга жазып алса болот. Кыска нуска жана түшүнүктүү жазуу керек. Видеого текст кошууда шрифттин көлөмүн түсүн байкоо зарыл. Видео тартууда кадр кылып бөлүп тартуу керек. Ушунун бардыгын үйрөндүк. Бизге бул маалымат маанилүү болду».
Малика Жумабекова