Ак-Талаа районундагы Нурак Абдырахманов атындагы балдар музыкалык мектебинин жамааты жакын арада Туркияда өтүүчү Эл аралык фестивалга катышуу үчүн жөнөп кетишет. Фестиваль Стамбул шаарынын Картал районунда 27-августтан 1-сентябрга чейин өтөт. Учурда фестивалдын жобосуна ылайык кыргыз күүлөрү, бийлери, патриоттук, фольклордук ырлардан турган программа даярдап жатышат.
Музыкалык мектептин директору Венера Артыкбаевнын айтканына караганда аталган Эл аралык фестивалга 2021-жылы катышып, экинчи орунду жеңип алышкан.
“Быйыл Эл аралык Картал фольклор жана искусство фестивалына катышууга чакыруу алдык. Окуучулар менен 24 адам барабыз. Фестивалдын шартына ылайык топтун курамы 35 адамга жана бийчилердин жаш курагы 16 жашка чейин болуусу керек экен. Жол кирени өзүбүз төлөдүк. Жергиликтүү бийлик өкүлдөрүнө кайрылдык, бирок эч кандай каржы жагынан жардам беришкен жок. Кыргыз ырларына кошуп, түрк тилинде дагы ырдайбыз. Жеке номерлер, темир ооз комузчулардын номерлери бар”,- дейт.
Барчын Мамытбекова