Адина Майрамбекова 21 жашта. Учурда Ак-Талаа районундагы Баетов айылында DI аталышындагы бий студиясын ачып, бий үйрөтүп келет. Өзүнүн айтымында 5 жаштагы бала бакчанын тарбиялануучуларынан тартып, 50 жашка чейинки айымдар катышат. Кыргыз бийлери менен бирге эле чыгыш, заманбап бийлерди үйрөнүшөт.
Кыздар бий үйрөнүүгө, дене боюн чоюп, ар кандай көнүгүүлөрдү жасоого келишсе, айымдар ашыкча салмактан арылуу, сергек жашоо образын калыптандыруу үчүн көнүгүүлөрдү жасашат. Жумасына 3 жолу 2 сааттан болот. Бий топтору түзүлүп, кээде концерттерге катышып жатабыз. Алдыда көп пландарыбыз бар”,- дейт.
Айылдарда окуучулар же мектепке чейинки балдар баруучу бий ийримдери бар болгон менен айымдар үчүн андай мүмкүнчүлүктөр жок. Бар болсо дагы ачылып, бир аз убакыт иштеп жабылып калат. Адина Майрамбекованын бий студиясынын иштегенине 3 айдын жүзү болду. Окуу жылы башталганда эркек балдар дагы өзүнчө топ ачуу максаты менен бөлүштү.
Барчын Мамытбекова