Бүгүн Нарында шаарында майыптыгы бар жарандардын катышуусундагы “Жабыла көтөргөн жүк жеңил болот” аталышындагы фестиваль өтүүдө. Фестиваль ДМЧА-ЛОВЗ коомдук фонду, “Даткайымдар жамааты, КРнын Өкмөтүнүн Нарын облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлчүлүгүнүн аппараты тарабынан уюштурулган.
Аталган фестивалга Ак-Талаа районунан таланттуу, өнөрпоз, кол өнөрчү 12 адамдан турган бир команда катышууда. Командалар фестивалдын жобосуна ылайык саламдашуу, кол өнөрчүлөр, уздардын көргөзмөсү, акындык өнөр, улуттук аспаптарда ойноо өңдүү тапшырмаларга даярданып келишкен. Мындан сырткары кол күрөш, таяк тартыш, шахмат, шашки, тогуз коргоол боюнча өз күчтөрүн сынап көрүштү.
Ак-Талаанын Жаңы-Талап айылынын тургуну Бактыбек Жумаманбетовдун колунан жасалган бут кийимдер, Субайылда Мураталиеванын кийизден жасаган ар түркүн буюмдары, гүлдөрү, сувенирдик оюнчуктары көрүүчүлөрдүн купулуна толду.
Спорттук оюндар кыз-келиндер жана эркектер аасында өз-өзүнчө өткөрүлдү. Ал эми кол күрөш жана аркан тартыша жаш жеткинчектердин жашы 18 жашка чейин чектелүү болду. Ошого карабастан райондун командасы спорттук оюндардан командалык эсепте 2-орунду камсыз кылышты.
Атайын түзүлгөн калыстар тобу командалардын формасынан тарта бардык тапшырмаларды аткаруусуна жараша баа беришет жана жеңүүчү командаларга уюштуруучулар тарабынан акчалай сыйлыктар, ар кандай номинациялар ыйгарылат.
Ак-Талаа районунан фестивалга катышып жаткан команданы акимдин орун басары Кенже Карагулова жетектеп барды. Ошондой эле райондук эмгек жана социалдык өнүктүрүү башкармалыгынын башчысы Эрлан Качкынбаев, райондук маданият бөлүмүнүн башчысы Гүлжан Турдумамбетова командага жеринде көмөк көрсөтүштү. Ал эми барып-келүү чыгымдарын айыл өкмөттөрү бөлүп берсе, формаларын райадминстрация каржылаган.
Барчын Мамытбекова