Ак-Талаа райондук К.Султангазиев атындагы маданият үйүнүн жылуулук системасы толугу менен жаңыртылууда. 1967-жылы имарат курулуп, пайдаланууга берилгенден бери бир да жолу оңдоп-түзөөдөн өткөн эмес. Ошол себептүү жылуулук тутуму эскилиги жетип, кышкысын кызматкерлер кийимчен отуруп иштөөгө мажбур болушчу. Ал эми жыйындар, иш-чаралар өтөрдө зал жылыткычтар менен жылытылчу.
Маданият үйүнүн директору Курманжан Тиленбаеванын айтымында жылуулукту ремонттон өткөрүү керектигин кайрылып барбаган жери, кайрылбаган кишиси калган эмес.
“2019-2020- жылы жылуулук системасына, он беш миң сом төлөп сметасын чийдирип, Маданият министрлигине жибердик. Ошондон тарта улам кайрылуу кат жолдоп жаттык. Акыры 2022-жылы июль айында тендерге жарыяланып, республикалык бюджеттен акча бөлүндү. Тендер аркылуу 1млн 800 миң сомго жасалып жатат, бирок смета курулуш материалдары арзан кезинде жазылып калгандыктан бир аз тартыштык болууда. Каражат толук которулуп, бүтүп калса экен деп турабыз”,- дейт.
Жылуулук түтүктөрүн алмаштыруу иштерин “Азия курулуш” фирмасы жасап жатат. Тилек Исаковдун айтымында келерки жумада ишти аягына чыгарышат.
Барчын Мамытбекова