Шырдакбек чеби — Борбордук Теңир-Тоодогу Алабуга суусунун оң өйүзүндө, тактап айтканда Ак-Талаа районундагы Чолок-Кайың айылында жайгашкан. Тарыхый маалыматтарга караганда чеп 10 – 13-кылымга таандык.
Аты аталып тургандай Шырдакбек баатырдын шаарын курчап турган чеп болгон. Аны бузуп эч бир душман кире алган эмес.
Чеп төрт чарчы формада болгон
Чептин түндүк тарабынын ички бети
Баатырдын сулуу, эрке аялы Эркайым калмактардын азгырык кебине кирип, чептин сырын ачат. Калмактар Шырдакбекти багынууга аргасыз кылат. Ал эми Эркеайым качып чыгып, калмакка барат. Акыры калмак ханы аны боз жоргого сүйрөтүп өлтүргөн деген уламыш бар.
Чептин күн батыш тарабынын ички бети
Күн батыш тарабынын сырткы бетин жаан жууп кете баштаган
Бул чепти 1945-ж. А. Н. Бернштам изилдеп, отурукташкан үлгүдөгү бир нече турак-жай комплексинин орун алгандыгын аныктаган.
Чеп төрт чарчы формада салынган. Сакталып калган дубалдарынын бийиктиги 6 метрге чейин жетип, баксадан (сокмо дубалдан) курулган. Чептин дубалдары, бурчтары, эшиктери мунаралар менен бекемделген.
Боорунда жаа атуу үчүн тешиктер жасалган
Мунаралардын боорунда жаа атуу үчүн тешиктер жасалган жана чепти айланта туурасы 20 мдей аң казылган. Шырдакбек чеби Фергана кырка тоосу аркылуу Өзгөн тараптан каттаган байыркы кербен жолунун боюнда жайгашкан. Шырдакбек чебин бир топ окумуштуулар изилдеген.
Чептин айланасын тосуп коюшкан
Азыр бул чеп жоголуп кетүү коркунучунда турган тарыхый эстеликтердин бири. Учурда айланасын тосуп, корукка алышкан. Ал эми айланасында жашаган тургундар кээде таңга жуук ат дүбүртү угуларын айтышат.
Чептин айланасында жашагандар кээде таңга жуук ат дүбүртү угуларын айтышат
Ш.Бейшеналиев атындагы инновациялык орто мектебинин тарых мугалими Алтынбек Чодолдоев Шырдакбектин чеби тууралуу өз апасынан уккан кызыктуу окуя менен бөлүштү.
Алтынбек Чодолдоев тарых мугалими
“Согуш учурунда бир аялдын орогу ошол Шырдакбектин чебинин жанында калып калган экен. Бригадир келип эртен айылдын баш жагынан орок оросунар дегенде аял орокту ала кетейин деп чеп жакка келсе ак боз атчан бир киши аны чептин ичине ээрчитип кирет экен. Чептин ичиндеги казына ачылып, байлыктарды көрсөтсө, аял коркконунан эч нерсе ала албай коет. Ак боз атчан баякы киши чептен ээрчитип чыгып, “сен көргөнүңдү эч кимге айтпа. Кечинде жатарда мал корооңду ачып кой. Мал келет, ошону багып ал” дейт айтат. Баягы аял үйүнө келип, коркконунан эмне кыларын билбей абысынына айтып коет да, кечинде келген малды экөөбүз киргизип алалы дейт. Ошентип абысыны экөө бир үйгө жатышат. Түн бир оокум болгондо кой маарап, жылкы кишенеп, малдын үнү угулат. Бирок аял жүрөгү даап сыртка чыга албай коет. Бирок жанында жаткан абысынына эч нерсе угулган эмес экен. Апам ушул окуяны көп айтар эле”,- дейт Алтынбек Чодолдоев.
Кыргыз адабиятында Шырдакбек баатыр тууралуу чыгармалар, дастандар жазылган жана «Боз жорго» аттуу күү бар.
Барчын Мамытбекова