Ооган-Талаа айылындагы №17 Далбаев мектебинде ремонт иштери болуп жатат. Бул иштер жыл сайын жүрүп турат.
Азыр ремонт иштеринде 8 жумушчу иштеп жатат. Алар эртең менен саат 9 да ишке киришишип, кайра саат 18 де жумушун аякташат.
Шакир Алыкуловдун айтуусунда,
«Биз азыр мектепте ремонт иштерин жүргүзүп жатабыз. Бул ремонттун боегуна, акиташына, щетка жана башка нерселерге 47 миң сом акча каражат сарпталды. Биз жыл сайын эле окуу бүткөң соң мектептин ремонтуна киришебиз,»-деди Алыкулов.
Экзамендер аяктаган соң ремонт иштери башталат. Ошондой эле жаңы окуу жылы башталганга чейин мектептин ичи, сырткы айланасы тазаланып, ремонттолуп 2018-2019- окуу жылына даяр болот.
Даярдаган: Адилет Канат уулу