2017- жылы Ооган-Талаа айылына кызмат кылуучу жаңы трактор алынды жана Кара-Үнкүр дарыясынын дамбасы жаңыланды. Ошондой эле»Таза айыл, таза жашоо»- деген девиз менен айылдын эли, мектеп окуучулары, мамлекеттик кызматкерлер менен бирге тазалоо иштери жүрдү.
Таштандыларды ташуучу машинаага ар бир үй айына 25 сом төлөйт. Ал машина алты айылдын таштандыларын ташыйт.
Кара-Үнкүр дарыясынын дамбасына 1 миллино сомго жакын акча каражат сарпталды. Бул иш чаралар ӨКМ тарабынан каржыланды.
Айыл башчы Муктар Дөлдөевдин айтымында,
«Аймактарды өнүктүрүү жылында жыл башынан эле план коюлуп, ошол план менен иштеп жатабыз, айыл аймагындагы мектептердин мугалимдери арасындагы мелдештер болду. Мелдеште №17 Далбаев атындагы гимназия мектебинин мугалимдер жамааты жеңишке жетишти. 29-июлда болсо «Айылым менин ардагым» аттуу ыр кесе өттү. Ушул иш чаралар, аткарылган иштер аймакты өнүктүрүүгө зор салым кошту деп ишенемин», -деди айыл башчы.
2018 -жылга койгон пландарыбыз, Базар-Коргондун 100 жылдык маарекесине кам көрүүсүн-билдирди Дөлдөев.
Даярдаган: Тимурлан Мелисбек уулу
Жайкы мектеп сынагы үчүн