Сокулук районуна караштуу Жал айылынын тургундарынын демилгеси менен кайрымдуулук иш уюштурулду. Бул иш-чараны 2000- жылы мектепти бүткөн бүтүрүүчүлөр демилгеледи.
Сыдыкбеков Камчыбек Сарбан айылынын тургуну-
“2000- жылы Мамыралиев атындагы гимназия орто мектебин аяктаган классташтарыбыз былтыр чогулуп, мектеп окуучуларына колубуздан келген жардамыбызды берели деп сүйлөшкөнбүз. Мына бүгүн 8-апрелде окуучулардын жазган каттары боюнча белектерибизди берели деп келдик. Балдар менен сүйлөшсөк келечектеги максаттарын айтышты. Окуучулар мектептин жакшынакай чөйрөсүндө, Динара Жолдошбековна менен өсүп жаткандарына кубанчыкта болдук. Жакшы ийгиликтерге жетишсин деп каалайбыз,”- деп өз оюн билдирди.
Жаркынбаев Данияр Жал айылынын тургуну-
“Биздин классташтарыбыздын мектепке келген максатыбыз жардам керек болгон окуучуларга көмөктөшөлү деген ой. Былтыр классташтар чогулуп отуруп өзүбүз окуп бүткөн мектебизбизге кандай жардам берсек, эмне жазасак пайдалуу болот дегенбиз. Ортодо бир классташыбыз айтып. Мектепте окуган балдарга жаңы жылда кыялдарында эмне бар экенин билип, белектерди таратышкан. Окуучулардын ден соолукта болуп жана алдыга умтулуп келе беришсин деген каалоо тилектерим бар,”- деп айтып кетти.
Каныбекова Аида-8 класстын окуучусу
Мен абдан ыраазымын бүгүнкү конокторго анткени алар биздин оюбузду ишке ашырышты. Байкелер да биздин мектептин окуп бүтүрушкөндөрүн айтышып, бизге келечекте билим алсак максатыбызга жетесиңер деп тилектерин айтты. Сиздерге чоң ырахмат ден соолукта болгула. Келечекте мен дагы башка окуучуларга жардам берем,-деп айтты.
Даярдаган: Элана Батырбекова