Бүткүл дүйнөлүк китеп күнүнө карата Мамыралиев атындагы мектеп гимназиясында жазуучулар жолугушуу өткөрүштү.
Токтосун Самудинов-журналист, ”Байчечекей журналынын” башкы редактору:
“Чыгармачылык жашоом мектепте эле башталган, кийин университетте ырларды жаздым, бүткөндон кийин “Ленинчи жаш” деген газетасында, телевидениеда иштедим, эми кырк жылдан ашуун “Байчечекей” журналында иштеп жатам. Биздин журналдын аудиториясы көбунчө балдар жана мугалимдер, ошондуктан биз мектептин программасына ылайыктуу материалдарды чыгарабыз. Биздин максатыбыз мугалимдерге, ата-энелерге, балдарга жардам берели деген. Биз келечекте мектеп менен байланыш жасайбыз. Бул мектеп абдан чоң, республикага таанымал, балдары дагы көп, мугалимдери абдан сый-урматка татыктуу экен. Ошондуктан биздин келген максатыбыз Жал айылынын мектебинин тыжрыйбасын жайылтуу себеп болду. Келечекте бул мектеп өссүн, Мамыралиев мектеп- гимназиясынын балдары, мугалимдери жалаң эле ушул районунун аймагында калбай атактуу инсандардан болуусуна тилектешмин,”-деди ал.
Будайчиеева Тамара -Мамыралиев атындагы мектеп- гимназиясынын китепканачысы:
“Бул мектепте мен эки миң он сегизинчи жылдан бери иштеп келе жатам. Мектептеги китепкананын башка китепканалардан айырмачылыктары бар экен, бирок өздөштүрүп кеттим жумушту. Биз иш-чарабызды 23- апрель Бүткүл дүйнөлүк китеп күнүнө карата өткөргөнүбүз. Башталгыч класстын мугалими Гүлсийна Сапарбековна менен уюштурдук. Токтосун Саймудинов агайыбыз балдарга арнап чыгарган чыгармачылыктарын айтып, андан тышкары, бизге көптөгөн китептерин белекке таштап кетти. Келе жаткан муундарга айтаарым көп китеп окушсун,”-деп айтты.
Курманбек Раматов-Кыргызстан журналистинин союзунун төрагасы
“Чүй баяны” газетасынын биринчи редактору , Кыргыз-Туусу газетасынын редактору болгом. Мага бүгүн абдан кубанычтуу ушул мектепте жаш журналисттер пайда болуп, ушундай сайт ачып, мектептин турмушу, айылда болуп жаткан окуялар, иштер жөнүндө маалымат берип журналисттик кабарчылык ишке такшалат экенсиңер. Бул аябай кубанычтуу мындай көп эле мектептерде учурай бербейт. Биз ыраазычылык билдиребиз силерге, журналист деген бул эң жакшы, сыймыктуу, коомдун өнүгүшүнө салым кошкон, элдин ичине чыккан адам. Мен ойлойм ушул мектетен силер жакшы тарбия алып журналист болом деген келечекке үмүт аласынар.Мына бүгүн дагы биз менен болгон жолугуушуну чагылдырууга бизден интервью алып жатасынар. Макалаңарды ийгиликтүү чыгара бергиле. Силерге аябай жаркын келечек каалайбыз Кыргызстандагы жалпы маалымат дүйнөлүк маалыматтагы белгилүү медиа борборго айлана бергиле. Силер, биз журналисттер союзу менен да кызматташкыла”- деп өз оюн билдирди.
Сатарова Гүлсийна — Мамыралиев атындагы башталгыч мектебинин мугалими
Мамыралиев атындагы мектеп- гимназиясында мен 1997- жылдан бери иштеп келе жатам. Бүгүнкү биздин кечебиз абдан маанилүү, анткени 23-апрель дүйнө жүзүндөгү көптөгөн мамлекеттерде китеп күнү белгиленет. Биз дагы китеп күнүнө карата Тамара Кадыракуновна менен бирдикте 2а, 3б классынын окуучуларына “Китеп билим булагы, билим өнөр чырагы” деген темада ачык класстык саат өттүк. Бул ачык сабакта биздин кыргыздын улуу жазуучусу балдар акыны Токтосун Самудиновту жолугушу кечеге чакыргынбыз . Окуучулар акындын ырларынан көркөм айтып беришти. Сабак максатына жетип, жеткинчектерге абдан пайдалуу болду. Жолугуушуда балдарга китеп окуу боюнча көп жакшы акыл- насаат сөздөрүн меймандар айтып беришти”- деп айтып кетти.
Даярдаган: Элана Батырбекова