Өмүр Токтосунов атындагы орто мектебинде 23-апрель – Бүткүл дүйнөлүк китеп жана автордук укук күнүнө карата иш чара өтүлдү.Өмүр Токтосунов атындагы орто мектебинин башталгыч класстарынын мугалимдери, окуучулары жана китепканачы А.Таалайбекова тарабынан «Китеп- билим булагы » деген темада мазмундуу иш-чара өткөрүлдү.
Иш чарада мектеп окуучулары активдүү катышып, китептин баалуулугу тууралуу асыл ойлор айтылып, көркөм окуулар окулуп, жомоктордон чакан сценкалар аткарылып, Quiz интеллектуалдык таймашы өткөрүлүп, окуучулар кызыктыруучу сыйлыктар менен сыйланып, андан сырткары ыр-бийлер менен коштолду.
Башталгыч класстарга «Оригиналдуу китептин макети» конкурсу өткөрүлүп, ар бир класстын жасап келген макеттери бааланып, жыйынтыгында китепканачы А.Таалайбекова тарабынан алдынкы орунду алган класстарга акчалай сыйлыктар тапшырылды. Китеп – акылдын булагы, дүйнөнү өзгөрткөн курал.
Б.Кысыроева