Улуу Ата Мекендик согушка быйыл 70 жыл толду. 21 мектеп окуучуларынан түзүлгөн “Шумкар” аттуу отряддын мелдеш кечеси атайын концертинин коштоосунда, Улуу Ата Мекендик согуштун ардагерлерин куттуктап, курман болгондорду эскеришти. Бул кечеде окуучулар ар кандай көнүгүүлөрдү жасоо жана автоматтарды ажыратып, кайра чогултуу менен ардагерлердин көӊүлдөрүн бурушту.
Өтүп жаткан иш чара боюнча Э.Кендирбаев орто мектебинин мугалими Динара Дүйшөкеева кыскача токтоло кетти:
“Бизден өтүп кеткен, бизди коргоп келген патриот мырзаларыбызды эскерүү ирээтинде ушундай иш чараларды өткөрүп жатабыз. Биздин окуучулар дайыма көзү өтүп кеткен баатырлар сымал, ар дайым элибизди, жерибизди коргоп, патриот болушун, ата-энесин сыйлаган, өзүнүн жерине чын ниетинен кызмат кылуусун каалайт элем”
10-классынын окуучусу Нурали Сыдыков патриоттук-аскердик мелдештерге көптөн бери катышып келет. Нурали бул иш чарага да активдүү катышты. Ал өз оюн мындайча билдирди:
“Патриотизм ар бир жигитте болушу керек. Жигит мекенин коргош керек. Жигит ошонусу менен айырмаланат”, деди Нурали
Эр жигит эл четинде, жоо бетинде – дегендей биздин элибиздин бейпилдиги, тынчтыкта жашагандыгы мырзаларыбыздын мекен чегинде ак кызмат өтөп, өз эл жерин коргогондугуна байланыштуу деп билебиз. Баардык мырзаларды “Барскоон FM” жааматтык мультимедиа борборунун атынан чын ден-соолук, жашоодогу ийгилик, үй-бүлөдөгү ынтымак, өз жерин душмандардан коргогон мырзаларыбыздын көп болушуна тилектешпиз.
Даярдагандар: Айдай Кудайбергенова, Эрлан Абласов.