Үч-Коргон мультимедиялык борбору жаны техникалык каражаттар менен жаңыланды. Аталган борбор Үч-Коргон айылынын чоң жана кичине муундагы жаштары үчүн өзүнүн сапаттуу кызматтарын көрсөтүп келет. Буга чейин бир гана жамаатык мультимедиа борбору жаңылыктарды чыгарып келген болсо, эми бул жерде орус тили, түрк тили, корей тилдери боюнча курстар ачылышы пландаштырылууда. Үч-Коргон мультимедиялык борбору көптөгөн мүмкүнчүлүктөр үйүнө айланды.
Айыл өкмөтү тарабынан эмеректер: стол, отургучтар жана башкалар эмеректер берилди. Аткарылган бул иштерде Баткен облусу боюнча жаштар борборлорунун координатору Самидинова Файруза айымдын салымы чоң ал жаштарга өзгөчө дем күч берип аларды жетектеп келүүдө.
Айыл тургундарынын билдирүүснө караганда Үч-Коргон мультимедиялык борборунда курстардын ачылуусу аларга бир канча ыңгайлуу. Махлио Хакимова Пушкин орто мектебинин 10-классынын окуучусу, ал «Айыл тургундары кубанычта экенин байкоо кыйын эмес айрыкча Уч-Коргон жаштары кубанышууда»- деди.
Даярдаган: Арипов Атабек