«Билерман ордо» интеллектуалдык оюнуна Кенеш айыл окмотуно караштуу беш мектеп катышты, алар: «Арбын» орто мектебинен келген Арбын командасы, «Шанкол» орто мектебинин Шанкол командасы, «Дари суу» мектебинен келген Дари суу командасы, «Ж.Нышанов» орто мектебинен келген Нышанов командасы жана «Акчабуу» орто мектебинен келген Акчабуу командасы.
Бул командалардын баардыгы бири-бири менен ойношуп жалпы 40 суроонун 19 суроосуна жооп бере алышты, жыйынтыгында 1-турда беш команда ойноп алардын топтогон упайлары томонкудой болду: Шанкол командасы 9 суроого жооп берсе, Арбын командасы 5 суроого жооп берди жана Нышанов командасы 4 суроого жооп берип экинчи турга отушту, ал эми Даари суу командасы менен Акчабуу командасы бирден эле суроого жооп бергендиги учун алар 2-турга отпой калышты.
Ошентип 2-турда 1-орунду Нышанов командасы алса, 2- орунду Шанкол командасы алып Ноокат районунда боло турган окмоттор аралык билермен ордо оюнуна жолдомо алды, ал эми 3-орунду Арбын командасы алды.
Билерман ордо оюнун Шанкол айылынын кулуну Иси мырза уюштуруп берди.
Оюндун суроолоруна Ош шаарынын студенттери тузушуон. Ал эми оюнга «ЭЛ ФМ» радиосунун диджейи Жумабек Акбаров да келип, оюндун жыйынтыгы чыкканга чейин озунун суроолорун залдагы куйормадага берип тапкан окуучуларга озу алып келген белектерин берди.
Даярдаган: Баяман Тойчубай уулу