Жылдан жылга чет жакта окуп, өзүн өнүктүргүсү келген жаштардын саны көбөйүүдө жана кыялына жеткендер да аз эмес. Алардын катарын Айбийке Кадырбекова, Айжан Ыкышева жана Насиба Кудайбердиева түзөт.
Оштук курбулар азыркы учурда АКШнын Флорида штатынын Орландо шаарындагы Валенсия колледжинде 1-курста окушат. Америкага барып калуу таржымалын, чет өлкөдө окуу кыялы кантип ишке ашкандыгы тууралуу онлайн байланышта бизге айтып беришти. Алар ОшМУнун Дүйнөлүк тилдер жана маданият факультетинин бүтүрүүчүлөрү.
-Америкага кантип барып калдыңыздар,ага эмне себеп болду эле?
Насиба: Мен мектепте окуп жүргөн убакта эле Америкада окугум келчү. Бул менин эски кыялым болгондуктан, университетти бүткөндөн кийин деле бул нерсе менин оюман эч кетпей койду. Интернеттен ар кандай видеолорду көрүп, чет өлкөдө окуп жүргөн студенттерди көрүп, мен да ушинтип окусам болот го, эмнеге мен эч нерсе кылбай жатам деп кантип окуу жайга тапшырса болот, кандай документтер кетет маалыматтарды издеп баштадым. Андан кийин Айбийкеге сунуштадым, ал учурда Айбийке да чет өлкөдө окугусу келип жүргөн эле.
Айбийке: Анан биз Насиба экөөбүз бизге жардам бере алчу адамды издеп баштадык. Бизге жардам берген ОшМУнун Дүйнөлүк тилдер жана маданият факультетинде иштеген Анара эжеке болду, анын студенттерди окутуп чет өлкөгө окууга, жумушка жөнөтө турган окуу борбору бар. Андан кийин биз курска катышып, тестке даярдана баштадык. Тестке бир ай даярдангандан кийин Айжанга биз менен чогуу аракет кылып көрүүнү сунуштадым.
Айжан: Менде чет өлкөдө окуйм деген ой болгон эмес, максимум саякаттайм деп ойлочумун. Бирок Насиба менен Айбийке чет өлкөдө окуганы даярданып атышканын билгенде, 5 мүнөттө, мен дагы каалайм, мен да окуйм деп чечтим. Алар менен чогуу курска барып, даярдана баштадым.
Насиба: Тестке даярдангандан кийин, дуолинго тестин тапшырып босого баллдан өткөндөн кийин Американын университтерине тапшыра баштадык. Бул тест менен бир нече жолу бир нече университетке тапшырса болот. Биз экөөнө тапшырып өттүк, бири Вашингтондогу Сиэтл университети, бири биз тандаган Валенсия колледжи.
-Ал жакта окуу үчүн кандай документтер керектелет, окуу жайды кантип тандадыңыздар?
Айбийке: Биринчи биз TOEFL тест тапшыргыбыз келген, бирок биздин эжеке ага көп убакыт кетип, кыйын болоорун айтып Дуолинго тестин сунуш кылды. Бул тест TOEFLга караганда жеңилирээк жана ошондой эле АКШнын, Европанын көптөгөн университеттеринде кабыл алынат. Бизге окуу жайга тапшырганга керек болгон документтер, мектепти бүткөндүгү тууралуу аттестат, тесттин жыйынтыгы, ата-энебиз бизди каржылай ала тургандыгы жөнүндө банктан көчүрмө, паспорттун көчүрмөсү, ар кандай сертификаттар. Андан кийин визага тапшырганда башка документтер керектелет.
Насиба: Биз Айжан экөөбүздүн адистигибиз бизнес менеджмент, маркетинг тармагы. Ал эми Айбийкеники иш-чараларды пландоо (event planning)
-Колледжде окуу акысы канча?
Бир жылга 9500 доллар төлөнөт. Биз азыр жумуш таба элекпиз, бирок алдыда жумуш таап өзүзбүздү толук камсыздап калабыз деген пландарыбыз бар.
-Чет өлкөдө билим алууда кандай кыйынчылыктар болду?
Айжан: Эң биринчи кыйынчылык тест тапшырганда болду. Насиба 2-3 жолу тапшырып андан кийин гана жыйынтыгын ала алды. Ага чейин жыйынтыгын көрсөтпөй жатты, эмне себептен экени да айтылбайт, техникалык себептерден улам сиздин жыйынтык чыккан жок деп гана коет. Ал эми Айбийке экообуз бир эле жолу тапшырып алдык. Эң негизги көйгөй документ тапшыргандагы дедлайнда өтө аз убакыт берилгени болду, себеби биз кокустан эле кеттик-кеттик, тапшырабыз деп калдык. Бир айдын ичинде тестке даярданып, 1 айдын ичинде докуметтерди даярдап тапшырып кетип калдык.
-Кыргызстандан айырмасы же окшоштугу кандай экен?
Насиба: Айырмасы Америка өнүккөн өлкө болгондугунда болсо керек. Мүмкүнчүлүгү чектелген адамдар үчүн бардык шарттар каралган. Бул жерде айлык жогору бирок ошого жараша жашоо да кымбат.
Айжан: Коомдук транспорттун аздыгы, унааң болбосо бир жака баруу өтө кыйын, такси болсо кымбат. Ал эми Кыргызстанда коомдук транспорт менен каалаган жериңе барсаң болот.
-Билим берүү системасы Кыргызстандыкынан эмнеси менен айырмаланарын көрдүңүздөр?
Айбийке: Кыргызстанда мугалимдер окугула-окугула деп студенттердин артынан жүрсө, бул жакта окуу – студенттин кызыкчылыгы. Сүйлөшөлү, акча берүү, тааныш билиш деген нерсе жок. Кааласаң сабактын жарымында чыгып кетсен болот, кааласан келбей койсон болот, бирок анын баары сенин кызыкчылыгың болуп эсептелет.
Айжан: Мисалы Инфакта бир семестрде 8 предмет болуп күнүнө 3-4 сааттан өтсөк, бул жерде 4 негизги предметтер болот, ал эми калган предметтерди жана мугалимдерди өзүң тандайсын. Жумасына 8 саат боло турган болсо аны сен 2 күнгө коюп алсан болот, калган күндөрү бош болосун. Жалпысынан айтканда сен өзүңө каалаган предметти, мугалимди, убакытты, форматты, кайсыл кампуста окууруңду тандап алсаң болот
Ал эми окуу семестри жазгы жана күзгү болуп бөлүнөт. КРда жылына бир жолу гана окууга кабыл алынса, АКШда эгер күзгү семестрге тапшыра албай калсан жазгысына тапшырса болот, тезирээк аяктайм десе жайкы каникулда да окуса болот.
-Чет өлкөдө билим алгысы келген жаштарга кандай кеңеш берет элеңиздер?
Насиба: Эң биринчи эле айтарым бул мээдеги мүмкүн эмес деген сөздү эле алып салса баары болот. Мен мектепте, университетте окуп жүргөндө деле Америкада окушту каалайт элем, бирок мага бул мүмкүн эместей сезилчү. Баары мүмкүн, болот, кыла алам деп эле кыла бериш керек. Анан албетте тил үйрөнүү зарыл.
-Алдыда кандай пландарыңыздар бар?
Айбийке: Окууну бүтүп, Кыргызстанга кайтып өзүмүн адистигим боюнча алектенгим келет. Бизде майрамдар, иш-чаралар өтө көп бирок иш-чараларды уюштуруу боюнча компаниялар, сапаттуу кызмат көрсөтүү жок.
Насиба: Азыркы эң негизги планым бул жактан жакшы билим алып, тажрыйба топтоп Кыргызстанга барып маркетинг тармагын өнүктүрүү.
Маектешкен: Аймончок Кожонова