Бүгүнкү күндө бала тарбиялоонун актуалдуулугу артып барат. Коомдун өнүгүүсү менен тарбия берүүнүн жаңы ыкмалары пайда болду. Буга чейин 3 жашка чейинки балдардын курсагын тойгузуп, кийимин таза кылуу маанилүү болсо – эми бул курактагы бала менен баарлашуу, аны менен бирге чечим чыгаруу көндүмдөр зарылдыкка айланды. “Роза Отунбаеванын демилгеси” эл аралык коомдук фондунун аткаруучу директору Догдургүл Кендирбаева бизге берген маегинде баланы 3 жашка чейин тарбиялап жетишип калууга ата-энелерди чакырды.
Даярдаган: Касиет Кубанычбек кызы