Мектепти 1979-жылы бүтүрүп кеткен бүтүрүүчүлөр мектепке 23 даана арча отургузушту.
«Классташтарым менен биргеликте кеңешип, мектепке эстелик болсун деп арча алып келип, мектептин айланасын көрктөндүрүп, кооз, эсте калаарлык белек кылалы деп чечтик. Бул арчаларды биз Токтогулдан «Токтогул токой чарбасынан атайы алып келдирдик. Баары болуп 23 даана ар бирин 2500сомдон алдык»-деп билдирди 40 жылдык жолугушууга келүүчү бүтүрүүчү, Могол айыл аймагынын башчысы Эркин Турдукулов.
Мындан сырткары, мектепке кирүүчү жерге арка куруп берүү планыбызда бар. Кирпич, курулуш материалдарын алдык. Жакынкы күдөрү курулуш башталат. Буйруса бүтсө 40 жылдык бүтүрүүчүлөрдөн эстелик болот»,-деди айыл аймагынын башчысы.
1979-жылы бүтүрүүчүлөр Турдукулов Эркин, Каимов Акыл баш болгон классташтар арчаларды өздөрү алып келип отургузушту.
Мектеп директору Давлет Омурзакова жана мектеп жамааты 40 жылдык бүтүрүүчүлөргө ыраазычылыктарын билдиришсе, мектептин ардактуу агайы 75 жаштагы Полот Тиркешов батасын берди.
Даярдаган: Камбарали кызы Гүлназ