Кенеш айыл аймагындагы ^31 А.Абдрахманов атындагы орто мектебинин 480сааттык даярдоо классынын райондук иш-тажрыйба жайылтуу болуп өттү.
Иш-тажрыйба жайылтууга райондук Билим берүү бөлүмүнүн Окуу усулдук кабинетинин башчысы Ж.Маматова жана усулчулар С.Мурзаева, Н.Абдурахманова, ^6 Б.Осмонов, Исманов, ^14 1-май, ^15 Жумалы ,^31 А.Абдрахманов орто мектептеринин директору Ж.Адиева, Окуу бөлүм башчысы А.Жунусалиева, башталгыч класстардын мугалимдери Б.Калдарова, М.Алиева,Ж.Тороханова, А.Жаныбекова катышты. Ошондой эле сабакты ата-энелер менен биргеликте аткарышты.
Борборлоштурулган сабакта сүрөт, ЖМТК,Сабат ачуу боюнча «Жазгы пейзаж», китеп менен иштөө,торчолорго жазуу 3 топко бөлүнүп өткөрүлдү.
Иш-тажрыйба жайылткан Мейликан Абдыкеримова өтө тажрыйбалуу мугалим экендигин бүгүн да көрсөтө алды.
Эжекенин иш тажрыйбасын жайылтуу сабагына катышкан жаш мугалимдер үлгү ала алышты.
Иш тажрыйба жайылтуунун аягында райондук усулдук кенешменин мүчөлөрү жайылтылган сабакты максатына жеткен,убакытты пайдаланган,көрсөтмөлүү (пазлдар, дандар, домино, конструкция, түстүү сүрөттөр ,кутучадагы быйтыкчалар, технологиялык каражаттар менен иштеген мыкты сабак болду деп эсептелип, мугалимдин сабактары райондук секция жетекчиси К.Мундузбаевага файлга салууга берилип, китепче түрүндө жайылтуу сунушталды.
Ал эми сыйлык боюнча райондук мамлекеттик администрациясынын ардак граммотасына сунушталды.
Бүгүнкү күн аз убакытта болгон сабак , жүрөкө жаккан балдардын бал тили менен өткөн үлгүлүү иш тажрыйба жайылтылган сабак болду.
Даярдаган: Камбарали кызы Гүлназ