Жаңы-Жер айыл аймагындагы №43 кесиптик лицейде малга кышкы тоют камдоо иштери кызуу жүрүп жатат. Бул жылы чөп жылдагыдан аз болгондуктан, кышкы тоют маселесин чечүү жолдорун изилдеп, кошумча тоют даярдоо ыкмаларын колдонууда.
№43 кесиптик лицейдин жамааты буга чейин мал жандыкка чыктуу тоют (силос) даярдоо ыкмасы менен кыштын камын көрүшкөн. Ал эми азыркы учурда силос жасоонун дагы бир башка ыкмасын баштоодо.
№43 кесиптик лицейдин директору Бакыт Темиралиев
«Камдуу малчы жазга жетет демекчи, биздин жамаат мал жандыкты кыштан чыгаруу камын көрүүдөбүз. Ал үчүн айыл чарба кесибинин устаттары, окуучулары менен бирге изденүүдөбүз. Азыр жаңы технология башкача айтканда жаңы ыкмалар менен тоют даярдоо жөнүндө маалыматтар көп. Бирок алардын баардыгы эле биздин климатка, жер шартына туура келе бербейт. Быйылкы жылы силос даярдоонун эки ыкмасын колдондук. Буюрса дагы башкача ыкмаларын ойлонуудабыз. Мисалы, арпаны күнөсканаларда өндүрүп көбөйтүү ыкмасы. Бул ыкма тоютту эселеп көбөйтүп берет. Ал жөнүндө кийинчерээк маалымат бере алабыз», — деп билдирди №43 кесиптик лицейдин директору Бакыт Темиралиев
Кесиптик лицейдин жамааты силос даярдоо учуру
Турсун Омуралиева