Сокулук районуна караштуу Жаңы-Жер айылында жайгашкан 43-кесиптик лицейде ден-соолугунан мүмкүнчүлүгү чектелген балдарды тарбиялап жаткан мугалим-устаттар инклюзивдик билим берүү аракетин көрүүдө. Мүмкүнчүлүгү чектелген балдарга инклюзивдик билим берүү моделдерин ишке ашыруу, алардын ар тараптуу өнүгүүсү жана коомдошуусуна өбөлгө түзөт. Мындай ыкма аларга өнүгүүнүн жана билим алуунун негизги шарты боло алат.
Бул лицейде эмгектенген мугалим-устаттар “Тигүүчү” кесибинде ден-соолугунан мүмкүнчүлүгү чектелген окуучуларга сабак берүүдө, инклюзивдик окутуунун технологияларын жана психологияны билбесе болбойт. Себеби алардын сабак учурундагы өзүн алып жүрүү жүрүм-турум көйгөйлөрүн жеңүүгө мүмкүн эмес. Анткени мүмкүнчүлүгү чектелген баланын жалпы класска интеграцияланышына анын стандарттуу эмес жүрүм-туруму тоскоолдук кылат. Бул ыйлоо, истерия менен катуу тынчсыздануу болушу мүмкүн. Агрессиянын же автоагрессиянын мушташтары, обсессивдүү кыймылдар, аралап басып кетүү. Аларда өзүн-өзү башкаруу жана мугалим жана башка балдар менен мамиле түзүү, диалог жүргүзүү жөндөмү төмөнкү көрсөткүчтө.
Мисалы, мобилдүү жана жигердүү мугалим, жакшылыкты каалап, шашылбай билим берип, жашоо көндүмдөрүнө үндөйт. Себеби бул балдардын жашоо ритми, психикасы башкача. Алар мугалимдин иш-аракеттерине андан бетер шоктук жана ой жүгүртүмдүүлүк менен мамиле кылат. Алар кээде өжөр жана агрессивдүү болуп калат. Бул жагдайда мугалим-устаттарга психологиялык тренигдер жакшы жардам берет. Мындан тышкары, мугалим алардын психикасын терең түшүнгөндө, анын бардык өзгөчөлүктөрүн эске алып, тарбиялоонун жана билим берүүнүн ар кандай моделин колдоно алат. Ден-соолугунан мүмкүнчүлүгү чектелген балдарга инклюзивдик билим берүү моделдерин ишке ашыруу үчүн мугалим коопсуз чөйрөнү түзүү керек.
Ар бир балага, айрыкча, өнүгүү жагынан мүмкүнчүлүгү чектелген балдар, ыңгайлуу жана коопсуз шарттарды түзүү менен инклюзивдик билим берүү усулун ишке ашырууну талап кылуу керек.
Мүмкүнчүлүгү чектелген балдар – психикалык же дене жагынан ар түрдүү бузулуусу бар балдар, бул жалпы өнүгүүсүнө таасир этип, балдардын толук кандуу жашоосуна тоскоол болот. Ден-соолугунан мүмкүнчүлүгү чектелген балдардын көпчүлүк учурда психикалык ишмердүүлүгүнүн бардык жагынан бузулуу байкалат: көңүл буруу, эске тутуу, ой жүгүртүү, кеби, моторика, эмоционалдык сферасы. Өнүгүүсүндө кемчилиги бар балдардын өзгөчө ой жүгүртүүсү бузулган. Бала элементардык жалпылоолорду кылуудан кыйналат, мугалим айтып жаткан нерселерди абдан тар мааниде кабыл алат. Бүгүнкү күндө окуучулардын өзүлөрүнүн арасында ачыктан-ачык агрессия көп экендиги эч кимге жашыруун эмес. Эгерде ден-соолугунан мүмкүнчүлүгү чектелген балдар дени сак теңтуштарынын арасында жалпы билим берүү тутумунда окушса, анда бул эки эсе маанилүү.
Турсун Омуралиева