Куу-Майдан айылынын тургуну, Кыргызстан жазуучулар союзунун мучөсү акын Акматали Абдикеримов учурда дагы деле ыр жазуу менен алектенип келет. Анын эң биринчи жарык көргөн китеби “Сагынткан ырларым”, андан кийин “Сергей Есенин менен маек”, Кыш жомогу”,”Закым” деген китептери окурмандардын сүймөнчүлүгүнө татыктуу болуда.
«Ноокат таңы» гезитинде 25 жыл корректор жана жетекчинин орун басары болуп иштеген.
“Менин чыгармачылык чөйрөгө кирип калуумдун себеби адабиятты сүйгөндүгум, адабий китептерге жакындыгым түрткү болду. Мен чыгармачыл чөйрөгө мектеп жашынан эле кирип ошол кезден эле ыр жазып баштадым. Буга чейин төрт китебим жарык көрдү, бешинчи китебим эми басмаканадан чыгып атат. Менин чыгармачылыгым жөнүндө азырынча улуу акындарга, чоң сынчыларга кабыла элекмин бирок жергиликтүү айылдаштар же болбосо менин китептерим жеткен окурмандар жылуу пикирлерди билдиришет”,-дейт акын Акматали Абдикеримов
Учурда алты баланын атасы, он неберенин сыймыктуу чоң атасы жана жубайынын күйүмдүү жолдошу.
Даярдаган: Баяман Тойчубай уулу