Ноокат районуна караштуу Арбын айылындагы өзү жаш болсо да көк бөрү менен алек болуп, бир топ ийгиликтерге жетишип, туулуп өскөн айылынын атын Алайга, даңкын далайга чыгарган бул Ысмайыл уулу Элчи.
Айылыбызда азыркы учурда көк бөрүчүлөр көбөйүп жаткандыктан алар жаштарга бош жүрбөй бир иштин үстүнөн чыгуусуна, ошондой эле кыргыздын улуттук оюндарына болгон кызыгуусун арттырууда чоң өбөлгө түзүүдө. Анын көк бөрүгө болгон кызыгуусу жаштайынан эле пайда болуп айылдагы көк бөрү оюндарына катышып, өзүнөн улуу көк бөрүчүлөрдү көрүп кызыгуусу пайда болгон.
Ысмайыл уулу Элчи көк бөрү оюндарына көп ирет катышып баш байгелердин ээси болгон. Алардын көрүнүктүүлөрү бул 2014-жылы “Мерседес 230” үлгүсүндөгү 2 унаага жана “жук ташуучу камазга” жана башка сыйлыктарга ээ болгон.
Көк бөрү оюнунда көк бөрүчүнү алга сүйрөгөн, көп ийгиликтерди алып берген анын астындагы күлүгү болуп эсептелет.
Даярдаган: Нурзат Азимова