2015-жылдын 7-8 март күндөрү Ош шаарында Немец толкуну Академиясынын каржылоосу астында жана Жамааттык жалпыга маалымадоо каражаттарынын Бирлиги менен «Клооп Медиа» коомдук фондусу жамааттык жалпыга маалымдоо каражаттарынын ыктыярчылары үчүн мобилдик тиркемелер менен иштөө семинарын өткөрүштү.
Семинарда катышуучулар үчүн 7 керектүү мобилдик тиркемелерди смартфондордо кантип колдонуу керектиги көрсөтүлдү. Мисалы, айылдагы жаңылыкты жазуу үчүн WordPress мобилдик тиркемесин жүктөө жана анда иштөө. Бул тиркеме менен мультимедиалык борборлордун ыктыярчылары айылда болуп жаткан маселелрди, жаңылыктарды жеринде сүрөткө тартып, текст жазып дароо мобилдик интернет аркылуу өздөрүнуң айылдарынын веб-баракчаларына жайгаштыра алышат.
Семинардын катышуучулар андан тышкары сүрөттү тартып аны, керектүү форматта редактирлөө, видео монтажды жасоо жана үн жаздыруу сыяктуу кызыктуу пайдалуу мобилдик тиркемелер менен колдонгонду үйрөнө алышты.
Даярдаган: Абсатаров Женишбек