Кошбулактын тургундарына маалыматты ыкчам жеткирүү аракеттери «Сүлүктү»- мультимедиалык борбору тарабынан иш жүзүнө ашырылмакчы. Бул кадимки эле уюлдук телефонго СМС катары келет жана уюлдук операторлор аркылуу «твиттер» программасы менен ишке ашат. Ал үчүн айыл тургундары бир эле жолу follow suluktumedia деген смс сөзүн 4040 номерине жөнөтүүсү керек. Бир эле смс үчүн колдонулган тарифке жараша акча алынат. Калган смстер акысыз эле, баланс нөль болсо дагы келе берет.
«Бул ыкма табигый шарты катаал биздин аймакка өтө пайдалуу экен. Өзгөчө кырдаалдар болуучу учурларда, же техногендик себептер менен болуучу ыңгайсыздыкты алдын ала коомчулукту кабарлоого абдан пайдалуу экен. Негизинен эле жергиликтүү маалыматтарды ыкчам жеткирүүнүн элге өтө пайдасы чоң» , — дейт аймактын өзалдынча башкаруу башчысы Бакытбек Сапаркулов.